Өлкөдө дипломдуу жумушсуздар көбөйүүдө
Жогорку окуу жайлар дипломдуу жумушсуздарды даярдап жатат. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Пирмат Купуев билдирди. Ал эми жогорку окуу жайды бүтүргөн адис кошумча да кесиптерди үйрөнүүгө туура келүүдө.

Калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү борборунан билдиришкендей, азыркы учурда жумуш орундар көбүн эсе техникалык багыттарда болууда.

Жумушсуздардын баарын Кыргызстан ичинде иш менен камсыз кылууга болбойт. Андыктан мигранттарга кесиптик билим берүү аркылуу жумушсуздардын санын азайтууга болот. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде кадр даярдоо саясаты жөнгө коюлуп, бул маселеге өзгөчө көңүл бурулуусу кажет дешет адистер.

Пимат Купуев белгилегендей, өлкөдөгү жогорку окуу жайларда студенттер 4 жыл окушканы менен адистиктерге карата суроо-талап базары болуусу керек. Бирок бакалаврга ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн статусу тууралуу Кыргызстандын Эмгек кодексинде да белгиленген эмес. Жыйынтыгында жумушсуздардын саны өсүп, өлкөдө паракорчулук схемаларына жол ачылууда.
Мамлекетибизде кайсы кесиптерге суроо-талап бар экендиги толук изилденбейт. Ошондуктан жумуш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы байланыш так аныкталган эмес. Алардын көпчүлүгү өздөрүнүн жоопкерчиликтерин билишпейт, ошондон улам Кыргызстанда жумушсуздук, коррупция күч алууда.
Пирмат Купуев
Экономика илимдеринин доктору, профессор
Сүрөт: sputnik.kg
Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адиси Салима Исмалиованын белгилешинче, жумуш берүүчүлөрдүн көпчүлүгү техникалык багыттагы жумушчуларды ишке чакырышат. Ал эми медицина, экономика жана юридика багытында такыр эле жумушчу издеген тараптар кездешпейт.
Жумушка кайрылуу үчүн 200 миңден ашуун жумуш издөөчү кайрылган. Ошолордун 75-80 пайызы жогорку билимдүүлөр. Алар кимдер? Алар: бухгалтерлер, экономистер, юристер, социалдык тармактын кызматкерлери, анан англис тили боюнча котормочубуз дегендер көп. Бүгүнкү күндө шаар боюнча мындай жумуштарга суроо-талап дээрлик жок.
Салима Исмаилова
Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адиси

Жумушсуздуктун постсоветтик өлкөлөрдөгү деңгээли

Эл аралык эмгек уюмунун расмий түрдө көрсөтүлгөн жумушсуздар боюнча маалыматына караганда, постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Арменияда жумушсуздардын пайыздык көрсөткүчү жогору. Ошол эле учурда Орто Азиядагы Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстанда жумушсуздуктун пайызы өскөн. Аталган уюмдун жалпы жумушсуздук деген түшүнүгү – бул жумушка жарамдуу жарандардын жумушу жоктугунан иш издеп, эгер болсо дароо иштөөгө даяр турган бөлүгү болуп эсептелет.

Активист Медетбек Макенов четке чыккан мигранттарга кошумча 2-3 адистикти үйрөтүү аркылуу маселени жеңилдетүүгө болорун айтат. Анын пикиринде, мигранттардын көпчүлүгү жогорку билим алган менен алардын адистиги гуманитардык багыттарда болууда. Мындан улам өз кесибинде жумуш таппай кыйналган учурлар көп кездешет.
Эгер биз адистикти тандоодо туура чечим кылсак, анда бизде жумушсуздук боюнча маселелер азыраак болмок. Анкени, жумушка орношкондон кийин да 1-2 жыл үйрөнүп кетүүгө убакыт кетет. Эгер туура кесип тандаса, анда жумуш табуу мүмкүнчүлүгү да жогору болмок. Ошондуктан бул багытта Миграция министрлиги туура иш алып баруусу керек.

Медетбек Макенов
Жаш активист
Кесип тандоокелечегиңди ошол нукка буруу.

Салима Исмаилованын айтымында, маселени тереңирээк изилдөө үчүн мектеп окуучуларынын арасында атайын тестирлөө жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы менен жаштардын келечекте кесип тандоосуна таасир этүү жагы каралган.
Биз мектептерде атайын тестирлөө жүргүздүк. Анда окуучулардын дээрлик 70 пайызы арызкы популярдуу кесиптерди тандашкан. Алар; сот, прокурор, банк кызматкери, экономист, юрист сыяктуу. Анан физика-техника жаатына балдардын болгону 1 гана пайызы кызыга тургандыгы маалым болду. Алар электрик же инженер-куруучу болом дегендер. Мындан башка 25 пайызы дарыгер, фармацевт болобуз дешкен. Ошондуктан окуу жайларда кесипке үйрөтүүгө да көңүл бурушса. Мисалы, окуу учурунда атайын кесипке үйрөтүүгө убакыт бөлүнсө.
Салима Исмаилова
Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адиси
Сүрөт: mit01.ru
Мамлекет кайсы адистерге муктаж болсо, ошого карата жогорку окуу жайларга атайын бюджеттик орундарды бөлөт. Окуу жайды бүткөндөн кийин алардын 97 пайызга чейини жумуш менен камсыз болушат. Буга чейин алар жок эле дегенде 2 жыл иштеп бериши зарыл болсо, 2017-жылдан баштап 3 жылга көбөйтүлдү. Ал эми келишимдик негизде окугандар үчүн маселе бар. Анткени алардын арасында жумушсуз калгандары көбөйүп баратат. Эгер жогорку окуу жайды бүткөн адис жашоого жарамдуу айлык маянадан төмөн акча ала турган болсо, ал иштебейт. Ал үчүн кайрадан башка кесипке окушу керек.
Улуттук статистика комитетинин 2016-жылдагы жарыялаган маалыматына караганда, 2012-жылдан 2016-жылга чейин жогорку билимдүү жаштардын арасында жумушсуздуктун деңгээли кескин өскөн эмес. 2014-жылы башка жылдарга караганда расмий түрдө жумушсуз катары катталган билимдүү жаштар көбүрөөк болгон.

Серепчинин баамында, коомубузда кесиптик окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө суроо-талап жогору.
Кесиптик окуу жайларда окугандардын орточо 70 пайызы жумуш таап алышат. Анткени биздин жумуш берүүчүлөр ошол адистердин ээлерине муктаж. Алар кимдер? Алар тигүүчүлөр, куруучулар сыяктуу кесиптер.

Салима Исмаилова
Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адиси
ОшМунун окуу иштери боюнча проректору Расул Авазбек уулуyнун билдиргенине караганда, кесиптик лицейлерге окутуу менен жумушсуздардын санын азайтуу мүмкүн эмес. Себеби, аталган окуу жайлар бүгүнкү күндө заман талабына жооп бербейт.
Кесиптик окуу жайлар канчалык деңгээлде заман талабына ыңгайлашкан? Бүгүнкү күндө алар да талапка жооп беришпейт. Андай окуу жайларды долбоорлор менен да калыпка сала алышпады. Биз кесиптик окуу жайлардын адистерине муктажбыз, бирок алар заман талабына ылайык окутулбайт. Мисалы, курулуш тармагында, кандай гана жаңы ыкмалар колдонулууда. Алардын баарын курулуш тармагында Орусияга, башка жактарга барып үйрөнүп келе жатышат. Эгер биз тейлөө жагын карай турган болсок, демек, биз ушул жактагы реформалар тууралуу көбүрөөк ойлонушубуз керек.
Расул Авазбек уулу
ОшМунун окуу иштери боюнча проректору
Орто Азиянын бардык өлкөлөрү билим берүү системасын өнүктүрүүгө кызыктар болуп келишет. Алгачкылардан болуп Казакстан 2012-жылдан тартып Улуттук квалификация системасын ишке киргизе баштаган жана 2016-жылга карата системаны өзгөртүү тууралуу бир катар сунуштарды алып чыкты. Кыргызстан менен Тажикстан болсо өнүгүүнүн баштапкы баскычында. Анткени улуттук квалификация системасы билим берүүнүн бардык тармактарына таасир эткени үчүн өнүгүү кечирээк жүрөт.
Кыргызстанда 55 жогоку окуу жай бар. Алардан жылына 60-65 миң жогорку билимдүү адис диплом менен камсыз болушат. Өлкөдө расмий түрдө жумушсуздардын саны 192,2 миң болсо, реалдуу жумушсуздардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.
Даярдаган: Ныяз Ташматов
Made on
Tilda