Ош шаары той-маарекелерге алынган кредит боюнча алдыда
Түштүк калаанын ар бир алтынчы жараны той-аштарды өткөрүүгө кредит алат.
Ош шарында ар бир алтынчы жаран той-аш өткөрүүгө кердит алат. Бул тууралуу БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун өткөн жылга карата маалыматында айтылат.
Ош шаарында башка аймактарга караганда той-аштарды, өлүм-житимдерди өткөрүүгө банкатардан көбүрөөк насыя алынган. Эгер жалпы Ош облусун алып карай турган болсок, анда бул көрсөткүч 3 пайызды гана түзөт.
Банк кызматкеринин айтымында, кардарлар алган насыяны максаттуу пайдалануу тууралуу ойлонуусу кажет. Эгер кредит максатсыз пайдаланылса, анда аны кайра пайызы менен кошо төлөө кыйынга турат.
Келет да кардар мага ушундай тойго керек деп эле ачыгын айтып келишет негизинен. Анан банктар керектөө тармагы аркылуу кредиттерди берет. Ошондой кредиттерди берерден мурун банктардын кызматкерлери сөзсүз түрдө ошол кардардын платежеспособность деп коет, ошонусун карайт. "Кийин кандай кылып төлөйт ал киши? Кайсыл киреше булактарынан төлөйт?" - деп.)
Чынгыз Исмаев
УБнын Ош облустук башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси
Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетовдун айтымында, бизде той-маарекелерди, түрдүү иш-чараларды өткөрүүдө көпчыгашага жол беребиз. Ошондуктан бул багытта башка улуттардын жакшы жактарын үлгү катары алсак болот.
Мисал үчүн, өзбек туугандардын тоюу деле, өлүм-житими деле ушунчалык жакшынакай кылып уюшкандык менен, көп каражат кетирбей жакшына бири-бирин колдоо менен өтүп калганы. Кээде ушуну үйрөнсөк болот да. Ушул эле маселе башка улуттарда деле бар. Мына түрктөрдө, күрттөрдө, уйгурларда, булардан, бири-бирибизден үйрөнүшүбүз керек да бул нерсени. Менимче бул маселе Жогорку Кеңеште каралып, анан кийин президенттик деңгээлде, өкмтөттүк деңгээлде каралып чечилип калса, өзүнүн жемишин берет эле.

Балтагул Нурунбетов
Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы
Бир гана той-аштарда гана эмес, өлүм-житимде да сарамжалдуулук зарыл. Анткени, колунда жоктор да жакыны көз өткөндө кредит алышып мал жандык союшат.
Кредитти кээде, баягы жакындары каза болгондон кийин анан алышка мажбур болушат. Себеби келген конокторго аш бериш үчүн, эт тартуу үчүн коңшусунан бодо малды карызга алып болсо да союп атышат да. Анын эртеси ал карыздан кутулуш керек да.)
Ташмамат Кочкоров
Коомдук активист
Ташмамат Кочкородун белгилешинче, акыркы учурларда той-аштардагы, сөөктү жерге берүүдөгү чыгашалар чектен чыгып баратат. Мисалга, жакынын жоготкон жерлерде жылкылар союлуп, мал жандыктар союлуп ыңгайсыздыктар жаралып жатат. Аз келгенсип себеттерин, кийиттерин көтөрүп келишет.
Ошол үйгө кийитин көтөрүп келишип, чапанын жаап жатышпайбы. Чапан жапкандан кийин кайра кайтарып алып кетип жатышат. Кээ бир жерде аксакалдар "кой, союш сойбо" деп айтышат, эгер союшса түйүнчөгүнө түйүп эле алып кетип атышат да. Эгер чоң союш сойбой койсо, "атасы балам деп чоңойтту эле, баласы бир күндүк ушул күнүнө да туруштук бере албады" деген сөздөн качыш үчүн куру намыс эр жигитти өлтүргөндөй кредитке акча алып болсо да кутулуп атышат балдары.

Ташмамат Кочкоров
Коомдук активист
Сурамжылоо
Кредит алып, мындай иш-чараларды өткөрүүгө карата биз шаар тургундарынын пикирин сурап көрдүк.
Ош шаарынын тургуну
Ар ким өзүнүн чөнтөгүнө карап иш кылат. Ошондуктан мен бир нерсе дей албайм. Кредитти го той-ашка макул алды, ошону жапса түзүк, жаппай калса кандай болот? Мен билбейм. Мен кредит алып той өткөргөндү колдобойм.
Ош шаарынын тургуну
Эми алгандар алат кредитти. Эми акчасы болбосо алат да. Албагандарды эми билбейм тойду кантип өткөрөрүн.
Ош шаарынын тургуну
Өз үй-бүлөсүн зорго багып жаткандар көбүнчө, балдарынын көзүн карап жашагандар кредит алып алышат дагы анан ошол бойдон төлөй калбй отуруп калышат.
Өлкөдөгү банктар түрдүү багыттарда жарандарга кредиттерди беришет. Алардын ичинен коммерциялык банктарда керектөөгө (той-ашка) кредит берилет. Улуттук статистикалык комитеттин көрсөткүчүнө ылайык, 2016-жылы эң көп кредиттин керектөө түрүнө берилген.
Той-топур өткөргөндө тапканыбыздын баарын чачып, кур-жалак отуруп калган учурлар көп болот. Мисал үчүн көптөгөн колунда жок адамдар колунда барларга теңелип олчойгон кредит алышып, кийин андан кутула алышпай, үйлөнүп-жайлангандан кийин отуруп калышкан үй-бүлөлөр көп кездешет.
Мисалга алсак кийинки мезгилдерде жалпы той-тамашага, өлүм-житимге кеткен чыгымдардын суммасы 3 миллиарддан ашып кетүүдө. Бул дегени биздин тышкы карызыбызга тең. Ар ким өзүнүн алына жеткидей той-тамаша өткөрүшсө. "Каргага теңелип каздын буту сыныптыр" дегендей, байга теңилип, колунда жок адамдар кыйналып калган учурлар көп.

Балтагул Нурунбетов
Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы
Нурунбетовдун айтымында, 4-5 жыл мурун жарандардын той-ашка, өлүм-житимге кетирген чыгашасын азайтууга багытталган аракеттер башталган. Бирок кийинчерээк ал иштер токтоп калган. Мындай демилге шаардык деңгээлде, облустук деңгээлде көтөрүлүш керек. Ошондо кийин барып республикалык деңгээлде жөнгө салууга болот.
Муну дайыма элге түшүндүрүү менен ишке ашырсак болот. Мисалы, колу жука адамдар, орто жашаган адамдар бул демилгени колдоп чыгышат. Башында бул ишти баштаганда жумурай-журт колдошкон. Бир учурларда жакшы бир жолго түшүп калган болчу. Каражаттарыбыз да кыйла кыскарган. Сарамжалдуулук жолго түшкөн. Бирок кийин кайра бул көрүнүш жанданды.

Балтагул Нурунбетов
Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы
Статистикалык маалыматтарга караганда, өлкө боюнча той-маарекелерге аялдар көбүрөөк кредит алышат. Алардын көпчүлүгү 20 жашка толо электер. Аялдардын ар бир жетинчиси, ал эми эркектердин ар бир онунчусу алган насыясын той-маарекелерге же өлүм-житимге жумшашкан.
Даярдаган: Ныяз Ташматов
Made on
Tilda